Социалдык-маданий ишмердиги факультети университет негизделгенде ачылган (1967-ж.). Социалдык-маданий ишмердиги тармагындагы мекемелерде башкаруучулук жана чыгармачылык иштерди жүзөгө ашырууга искусство жана маданият жаатындагы мыкты адистерди даярдап чыгарат.
Социалдык-маданий ишмердиги факультети 5 кафедраны камтыйт:
- Социалдык — маданий ишмердиги кафедрасы;
- Хореография кафедрасы;
- Социалдык-гуманитардык дисципллиналар кафедрасы;
- Тил жана адабият кафедрасы;
- Дене тарбия кафедрасы.
Факультетте төмөнкү адистиктер даярдалат:
- «Социалдык маданий ишмердигинин менеджери, педагог»;
- «Хореография коллективинин менеджери, педагог»;
- «Хореография мугалими».
Факультетте жогорку квалификациялуу илимий-педагогикалык кадрлар, илимдин докторлору, кандидаттары жана чыгармачыл ишмерлер эмгектенишет.