Антонина Шевченконун жеңиши

2022-жылдын 9-июлунан 10-на  караган түнү Кыргызстандын өкүлү, Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин бүтүрүүчүсү Антонина Шевченко  алдын ала түзүлгөн кардда UFC Вегас 58 Лас-Вегастагы турнирге катышып,  америкалык Кортни Кейси менен беттешип ийгиликке жетишти. Беттеш үч раундга созулуп, судьялардын бөлүү чечими менен А. Шевченконун жеңиши менен аяктады. Антонина үчүн бул жеңиш аралаш беттеш боюнча онунчу жеңиши болду. Азаматсың Антонина! Сага мындан ары дагы бекем ден соолук, узун өмүр жана көп-көп ийгиликтерди багынта беришиңе тилектешпиз!

Биз сени менен сыймыктанабыз!