КжТ

Кино жана Телекорсөтүү факультети.

2014-жылы окумуштуулар кенешинин чечими менен Телекоммуникация факультети түзүлгөн.

Телекоммуникация факультети өз ичине эки кафедраны камтыган.

  1. Телекөрсөтүү жана радио уктуруу режиссерлугу  кафедрасы
    • Үн режиссерлугу адистиги
  2. Кинооперторлук кафедрасы.

2018 — жылы Телекоммуникация факультети Кино жана Телекөрсөтүү факультети болуп өзгөрдү. Факультеттин курамына төмөнкү кафедралар кирет.

  1. Телекөрсөтүү жана радио уктуруу режиссерлугу кафедрасы
    • Үн режиссерлугу адистиги
  2. Кино кафедрасы
    • Кино таану адистиги
    • Адабий чыгармачылык адистиги
  3. Кинооператорлук кафедрасы

Факультетте жалпысынан 60 окутуучу иштейт. Штатта 18, 42 мугалим айкалыштырып иш алып барышат. Алардын ичинен 2 профессор, калгандары доценттин милдетин аткаруучу, ага окутуучу жана окутуучу.

Студенттерди көркөм тасма, даректүү тасма, телесериалдарды, социалдык роликтерди, клиптерди, теле берүүлөрдү тартууда режиссерлук, операторлук ыкмаларды үйрөнүүгө багыттап окутат. Алардын сценарийин жазууга, тартылган тасмалардын үн-шоокумдарын коштоого, музыкалаштырууга үйрөтөт.