Кино кафедрасы

1993-жылы К. С. Акматалиевдин жетекчилиги менен атайын предметтер боюнча окутуучу кесиптештеринин жардамы менен Кино кафедрасы ачылган.

Адистиги боюнча: көркөм фильмдин режиссёру, оператор, үн оператору жана театр жана кино актёрлору. Акыркы 10 жылдын ичинде кафедра кино, теле жана медиа чөйрөлөрү үчүн чыгармачыл кадрларды даярдоо боюнча чоң тажрыйба топтогон.

Кино, телекөрсөтүү жана театрдын алдыңкы чеберлери кино жана театр өндүрүшүндө орто эсеп менен 40-50 жылдан ашык тажрыйбасы бар кино кафедрасына өздөрүнүн тажрыйбасын жана билимин беришет: Кыргыз Республикасынын 3 эл артисти, 5 Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмерлер.
Учурда педагогикалык ишке биздин университетти бүтүргөн, кино тармагында 5 жылдан ашык өндүрүштүк тажрыйбасы бар жаш адистер тартылууда.