Хореография кафедрасы

Б. Бейшеналиева атындагы КММИУнун Хореография кафедрасы Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигинин коллегиясынын 1992 – жылдын 18- майындагы Токтомуна ылайык, күндүзгү жана сырттан окутуу боюнча үч адистиги менен ачылган: «Режиссер – балетмейстер», «Педагог – хореограф» («Бальный таанец»), «Бий коллективинин жетекчиси» («Хореография коллективинин менеджери»).

Хореография кафедрасынын биринчи бүтүрүүчүлөрүнүн арасынд КР эл артисти, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты М. Асылбашев, КРнын эл артисти, эл аралык сыйлыктардын лауреаты – К. Садыков, КР эл артисти С. Тукбулатова, КР эмгек сиңирген артисттери А. Тумакова жана Д. Садыркулов.

Хореография кафедрасынын эң биринчи жетекчиси болуп Кыргыз Республикасынын коомдук Академиясынын академиги, искусство таануу илимдеринин доктору, профессор Р. Х. Уразгильдеев иштеген. Аталган кафедрада алгачкы окутуучулар катарында Кыргыз Республикасынын эл артисттери, профессорлор И. Е. Левченко, У. О. Сарбагишов, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери С. Д. Абдужалиловдор өз учурунда үзүрлүү эмгектенишкен.