Эстрада кафедрасы

Эстрадалык музыка кафедрасынын (Эстрадалык-үйлөмө аспаптарынын менеджери) күндүзгү жана сырттан окуу бөлүмү 1993-жылы ачылган. 1996-жылы кошумча эстрада ансамблинин менеджери жана солисти квалификациясы кошулат.

Учурда окуу процесси үчүн бүт шарттар түзүлгөн. Ансамбль классы, үн жазуу студиясы жаңы аппаратуралар менен жаңыланган, концерттик аткарууга, эстрадалык музыканы аранжировкалоо жана даяр фонограммаларды алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Сахна кыймылы, актёрлук чеберчилик, ТС үн режиссурасынын негиздери, электромузыкалык аспаптардын техникалык эксплуатация жана программалоо, жарык музыка жана үндүк жасалгалоо, эстрададагы режиссура сыяктуу маанилүү дисциплиналар атайын жасалгаланган класстарда өтөт.

Студенттер жалпы шаардык, республикалык конкурстарга, маанилүү окуяларга арналган ар түрдүү иш-чараларга активдүү катышышат.

 Кафедранын бүтүрүүчүлөрү “Город 312” тобунун ырчысы Светлана Назаренко, Айгүл Чалова, “Инсан” тобунун ырчысы Тынай Алыбаев, Жанета Бобкова, Арунова Бурул, ”Музаман” тобунун ырчысы Мамырбай уулу Алымкул, “Санжыра” тобунун ырчысы Талантбеков Марат жана башкалар чет элде , республиканын бүт аймактарында жана борбордо педагог жана солист болуп эмгектенип келишет.