Дене тарбия кафедрасы

Дене тарбия кафедрасы 1967-жылы искусство институтунун ачылышы менен иштей баштап, анын биринчи жетекчиси болуп эркин күрөш спорту боюнча мастер, биология илимдеринин кандидаты, профессор Абакаров А. М. бир канча жылдар бою иштеп, өзүнүн үзүрлүү эмгеги менен кафедранын түптөлүп өнүгүүсүнө салымын кошкон. Анын жетекчилиги менен кафедрада илимий-изилдөө иштери жүргүзүлүп, изилдөөнүн жыйынтыктары боюнча монографиялар басылып, жарык көргөн.

Университеттин студенттери дене тарбия сабагына активдүү катышып келишет. Республикалык, шаардык деңгээлде өткөн футбол, валейбол, шахмат, элдик оюндар боюнча өткөрүлгөн олимпиада жана таймаштарда байгелүү орундарга жетип, грамота жана сыйлыктарга ээ болуп, жеңүүчү аталышат.

Студенттерге сабак өтүүдө шарт түзүлүп, спорт аянтча курулуп, керектүү спорттук тренажёрлор менен жабдууланды. Окутуу процессинде студенттер спорттун бир нече түрүн ийгиликтүү өздөштүрүшөт.

Кафедранын окутуучулары коомдук, маданий жана спорт жаатында уюштурулган ар түрдүү семинар, тренинг, тегерек стол жана конференцияларда активдүү катышат.

Кафедранын мугалимдери дене тарбияны чыңдоо иш-чараларын студенттер үчүн эле эмес, мугалимдерди жана жалпы кызматкерлерди кызыктыруу үстүндө да чоң күч жумшап келет.