DAP Festival

Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин ректору Чотонов Мамашарип Мамытович Италия мамлекетинде өткөн «DAP Festival» аттуу бий фестивалына катышып, фестивалга катышкан бир нече мамлекеттердин өкүлдөрүнө биздин университетибиздин ишмердүүлүгү менен тааныштырды.

Фестивалдын алкагында Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университети, Италия драма бий ассоциациясы менен окуу жана чыгармачылык жаатта биргеликте иш алып баруу жөнүндөгү меморандумга кол коюшту.

Ошондой эле Флоренция университетинин өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, бир нече Батыш Европа өлкөлөрүнүн катышуучулары менен пикир алмашуулар болуп өттү.

Ушул эле иш-сапардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Италиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Базарбаев Таалай Чолпонбекович менен жолугуп, мындан аркы маданий жана көркөм өнөр окуу боюнча иш алып баруу пландарын талкуулашты, андан соң элчиликтин кызматкерлери менен биргеликте Рим көркөм искусство университетинин жетекчиси менен жолугушту.

Жолугушуулардын жыйынтыгында эки тараптуу иш алып баруу келишимине кол кою макулдашылып, келишим даярдалууда.